Министрлик: Кыргызстанда калктын 0,5% коронавируска кабылган

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 11:00
0 ой-пикир

Кыргызстанда калктын канча пайызы коронавирус менен ооруганын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалымат жыйында ага «учурда коронавирус жуктурган адамдар калктын канча пайызын түзөт жана расмий статистикага канча киши кирбей калган болушу мүмкүн» деген суроо узатылды.

«Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган (пневмонияны эсепке алганда) учурлардын саны 31 миң 247ни түзөт. Алар бардык калктын 0,5%ын түзөт. Албетте эл арасында оорунун белгилери байкалбай ооруп жаткан адамдар бар экени белгилүү. Калктын арасында канча адамда оору белгисин билгизбей өтүп жатканын, башкача айтканда канча адам ооруп чыкканын же ооруп жатканын аныктоо үчүн иммуноферменттик изилдөө жүргүзүлүп жатат» — дейт Акматова.

Анын айтымында, изилдөөлөрдү жеке лабораториялар жүргүзүп жатат. Жыйынтыгында калктын арасында коронавирус канчалык пайыз таралганы эсептелип чыгат.

Ошондой эле калктын арасында канча пайыз адамда иммуноглобулин иштелип чыкканын билиш үчүн ар кыл жаш курактагы адамдар арасында иммуноферменттик анализ жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.