Өзбекстан Кыргызстанга 30 миң таңгак гепарин жиберет

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 19:22
0 ой-пикир

Кубатбек Боронов бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында эмнеге эң негизги, керектүү дары-дармектердин жетишсиздиги пайда болгондугун түшүндүрдү.

Өкмөт башчынын айтымында, коронавитан улам эл тарабынан бардык дары-дармектер сатылып алынган.

“Бүгүнкү күндө жарандарыбыздын үйлөрүндө, мүмкүн ооруп калсам керек болот деп ашыкча алып койгон дары-дармектери турат. Ошондой эле социалдык тармактардан дагы дары-дармектердин кымбат баада сатылып аткандыгын көрүп жатабыз. Мисалга 400 сомдун тегерегинде турган дарыларды 4-7 миң сомго чейин көтөрүп жиберип жатышат. Мен айтып кетээр элем, дары-дармектерди катып коюунун эч кажети жок. Жакынкы убакта бул таңсыктыкты чечебиз”, — деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы арада дары-дармектер Иран, Индия, Кытай жана Беларустан келет. Ошондой эле Өзбекстан менен дары каражаттарын жеткирүү боюнча келишим бар.

“Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Нигматович Арипов менен сүйлөштүм. Ал жерде гепарин өндүрүшү бар экен. Бир жуманын ичинде ал жерден 30 миң таңгакты келишим менен алып келүүгө сүйлөштүк. Жакынкы күндөрү таңкыстык жоюлат”, — деди Боронов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.